Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын-айыл өкмөт башчылары шайланды |
2012-жылдын 23-24-мартында айрым айылдык аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын-айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү. Айыл өкмөт башчыларын шайлоо Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан “Кыргыз Республикасынын шайлоо референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык дайындалган. 2012-жылдын 23-24-мартына дайындалган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын-айыл өкмөт башчыларын шайлоонун жыйынтыгы бул жерде.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2372). 26 Марта 2012 г. |