Жыргалбек Жумашов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. |
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору каралды. Анын жыйынтыгында 2013-жылдын 28-июнундагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомунун негизинде Жыргалбек Жумашов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 62-62-86 |
Карап чыгуулар: (1985). 9 Июля 2013 г. |