Талапкерлердин, саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эсине |
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат. Анын үстүнө, жогоруда эске алынган Мыйзамда шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин жана айылдык кеңештерге бардык талапкерлерди көрсөтүүнүн жана каттоонун белгилүү мөөнөттөрү аныкталган. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда аяктайт, ал эми айылдык кеңештерге көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында саясий партиялар сунуш кылган шардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин жана айылдык кеңештерге бардык талапкерлерди текшерүүгө 10 календардык күн бөлүнгөн. Ошентип, шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт 2012-жылдын 26-октябрынан тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт 2012-жылдын 5-ноябрынан тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2375). 25 Октября 2012 г. |