МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолордо шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттардын көңүлүнө

Кыргыз Республикаснын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө” №204 Жарлыгы “Эркин Тоо” газетасында 2012-жылдын 25-сентябрында жарыяланды.  

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду өткөрүүнү даярдоо алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (Борбордук шайлоо комиссия) республикалык жалпыга маалымдоо каржаттарын аккредитациялоонун башталышы жөнүндө жарыялайт.

“Жергиликтүү кеңештердин депуттатарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесинин 20-бөлүгүнө ылайык, шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары (2012-жылдын 5-октябрында) тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календарлык күндөн кечиктирилбестен жарыяланууга жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.  

Кыргыз Республикасынын ЖМК аккредитациялоо үчүн 2012-жылдын 5-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:

- шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө кат жүзүндөгү билдирүү, анда ЖМК жетекчисинин Ф.А.А., ЖМК координаттары жана байланыш маалыматтары көрсөтүлүшү зарыл;

- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ЖМК уставынын көчүрмөсү;

- төлөмдөрдүн өлчөмдөрү жана шарттары жарыяланган газетанын номеринин көчүрмөсү.

Толук маалымат үчүн 0312-62-62-87 телефон аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

 

Төмөндө Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каржаттарынын акредитациялоо үчүн кат жүзүндөгү билдирүүнүн үлгүсү берилет 

 

Үлгү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына

 Юстиция министрлигинде расмий катталган (катталган датасы) жана Кыргыз Республикасынын аймагында обого чыккан (датасы) телерадиокомпания (ЖМКнын аталышы) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депуттарын шайлоолордо шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даяр.

         Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ТРК  (аталышы) шайлоо алдындагы үгүткө катышуусу үчүн аккредитациялоону суранабыз.

Тийиштүү документтер тиркелет.

 

             Урматто менен,

             ЖМКнын жетекчисинин Ф.А.А. 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (2040). 25 Сентября 2012 г.