Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын көңүлүнө! |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондусунун акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Нускаманын 5-беренесинин 21-бөлүгүнө ылайык, 2012-жылдын 22-октябрынан тартып жума сайын “РСК Банк» ААК тарабынан саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фондусуна акча каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы тууралуу маалыматты № 5 форма боюнча маалымат берип турат. Талапкерлер, саясий партиялар өз шайлоо фондусунун эсебиндеги акча каражаттарынын келип түшүшүнүн жана чыгымдалашынын эсебин № 4 форма боюнча жүргүзүүгө милдеттүү Жыйынды финансылык отчет № 7 форма боюнча түзүлөт. Эскерте кетсек, №№ 1,2,3,4.,7 формалар Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2192). 22 Октября 2012 г. |