МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин тапшырган колтамга баракчаларды контролдук текшерүүнү ишке ашыруусу 2011-жылдын 30-сентябрынын саат 14.00 жылдырылды

Бүгүн, 30-сентябрда саат 10.00дө  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Калыбек Арабаев,  Аскарбек Абышев,  Нариман Тюлеев, Токтайым Уметалиева, Бакир уулу Турсунбай, Торобай Кулубаев, Салмоорбек Дыйканов, Уланбек Сооданбеков тапшырышкан колтамга баракчаларды контролдук текшерүүнү ишке ашыруусу  үчүн чогулган Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү кол коюу барактарындагы колтамгалардын аныктыгын текшерүү процедурасынын мониторингине Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү келбегендигине байланыштуу  саат 14.00 жылдырылды.

КР БШК мүчөсү Ж.Акматов жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 8-пунктуна ылайык  “текшерүү жүргүзүүнүн ар бир учуру жөнүндө каттоо үчүн колдорду берген бардык талапкерлер кабарландырылышы керек” тууралуу маалымат берди. КР БШК тапшырылган колтамга баракчаларды контролдук текшерүүсү 2011-жылдын 29-сентябрында өтө тургандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн кабарлаган. 

Эскерте кетебиз, Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин колтамга баракчалары контролдук текшерүүнү ишке ашыруу жөнүндө чечимине ылайык,   Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун курамына кошумча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, БШК аппаратынын кызматкерлери жана чакырылган адистери, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЭКБнын экспертиза жана учет бөлүмүнүн кызматкерлери,  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин алдындагы соттук колжазмалар экспертиза бөлүмүнүн эксперттери  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин колтамга баракчалары контролдук текшерүүнү 30-сентябрда, 1,2 октябрда  ишке ашыруу максатында киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди, жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарды 2011-жылдын 30-сентябрынын саат 14.00 өтө турган кол коюу барактарындагы колтамгалардын аныктыгын текшерүү процедурасынын мониторингине катышууга чакырат.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

 

 

 

 

Карап чыгуулар: (1794). 30 Сентября 2011 г.