Өмүрбек Тургунбаев Ноокат шаарынын мэри болуп шайланды |
Бүгүн Ноокат шаарынын аткаруу бийлигинин жетекчисин шайлоо өткөрүлдү. Шайлоонун жыйынтыгында «Биримдик» коалициясынан (КСДП-Замандаш Современник) талапкерлиги көрсөтүлгөн Өмүрбек Тургунбаев шаардын мэри болуп шайланды. Шаардык кеңештин 21 депутатынан 15 депутат Өмүрбек Тургунбаевди колдоп добуш беришти. Ал эми «Ата-Мекен» фракциясынан талапкер болуп көрсөтүлгөн Абдилвохоп Кодиралиев 6 добуш алды. Шайлоо кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде таза, ачык өттү. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (2155). 17 Июля 2013 г. |