Н.Шайлдабекова: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгы биринчи жолу бир сутканын ичинде ыкчам жарыяланды» |
2017-жылдын 2-июнунда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында айрым шаардык жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди: -Чүй облусунун Кемин шаардык, Кемин райондук кеңешинин; -Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак, Көк-Ойрок, Кызыл-Октябрь айылдык кеңештеринин; -Чүй облусунун Аламудун районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешинин -Чүй облусунун Панфилов районунун Курамин айылдык кеңешинин; -Чүй облусундагы Москва районунун Төлөк, Александровка айылдык кеңештеринин; -Талас облусундагы Талас районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин; -Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңешинин. “2017-жылы 28-майдагы шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыгы бир сутканын ичинде кол менен саналып, жыйынтыгы БШКнын сайтына ыкчам жайгаштырылды. Бул шайлоо процессинин ачыктыгынан кабар берет жана күмөн жаралган учурда шайлоонун катышуучулары добуш берүүнүн жыйынтыгына өз учурунда ыкчам даттанууга мүмкүнчүлүк түзүүнү жакшыртат. Түшкөн арыздарга ылайык 14 шайлоо участкаларында бюллетендер кайра саналды”, - деп белгиледи БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова. Ошондой эле жыйында, 2017-жылдын 25-майындагы Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколу бекитилди. Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мусаев К.И. ырасталды.
Маалымат: 2017-жылдын 28-майында 41 жергиликтүү кеңеште, анын ичинде 2 шаардык жана 19 айылдык кеңештеринде кезектеги, ал эми 6 шаардык жана 14 айылдык кеңештеринде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Шайлоодо 214 добуш берүүчү участкалар иштеди.
|
Карап чыгуулар: (1504). 5 Июня 2017 г. |