Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын башчыларын шайлоо 2014-жылдын 19-февралына дайындалды. |
Бүгүн, 2014-жылдын 31-январында, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышы болуп өттү. Анын жүрүшүндө Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервин түшкөн арыздардын негизинде өзгөртүүлөр киргизилди. Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусундагы Сокулук районунун Ново-Павловка, Аламүдүн районунун Васильевка, Баткен облусундагы Баткен районунун Дара айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 19 февралына дайындады. Чүй облусундагы Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысы жана Аламүдүн районунун Васильевка айыл өкмөтүнүн башчысы берген арыздарынын негизинде тиешелүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин буйругу менен ээлеген кызматтарынан бошотулган. Баткен облусундагы Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Исираев, Баткен райондук сотунун 2013-жылдын 26-июлундагы өкүмүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 304-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, анын негизинде Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2013-жылдын 12-октябрындагы буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган. Исираев Ж.А., Баткен райондук сотунун өкүмүн жокко чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна кайрылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2013-жылдын 28-ноябрындагы токтомунун негизинде, Баткен райондук сотунун 2013-жылдын 26-июлундагы өкүмү күчүндө калтырылган. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2161). 31 Января 2014 г. |