МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

1 – августка карата КР Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна 29 талапкер арыз менен кайрылышты

2011 – жылдын 1 –августуна Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына “Кыргызстан жумушчу партиясынан” Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна “Кыргызстан жумушчу партиясынын” төрагасы, 1971 – жылы туулган Замирбек Парманкуловду талапкер кылып көрсөтүү жөнүндө протокол келип түштү.

Андан башка Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясый партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн: Бектур Асанов, 1967 ж.т. (“Эгемен Кыргызстан” саясый партиясы); Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы); Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт” партиясы); Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ” партиясы).

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болууга ниеттери бар  экени жөнүндө төмөнкү өзүн өзү көрсөткөндөр арыз менен кайрылышкан:

Ырыскелди Ыбышев, 1952 ж.т., Бишкек шаарындагы КМУУ аяктаган, “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж. т., “KGinform. Com маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964 ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясый партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955 –ж.т., жумушсуз, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган; Акбаралы Айтикеев, 1958 –ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясый партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968 –ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы; Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.   

 

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (2464). 1 Августа 2011 г.