МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

2013-жылдын 23 майы күнү республиканын 15 айылында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болду. Анда 2013- жылдын 23- майында  республиканын 15 айылдык аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын -айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндө токтом кабыл алынды. Шайлоо:

 Ала-Бука районундагы  Өрүктү, Биринчи май,

Базар-Коргон районундагы  Могол, Кызыл-Үңкүр,

Тогуз-Торо районундагы Кара-Суу,

Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала- арча,

Ысык-Ата районундагы Бирдик, Кең-Булуң,

Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан,

Кадамжай районундагы Марказ, Халмион,

Алай районундагы Бүлөлү,

Чоң Алай районундагы  Кашка-Суу

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.

  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (2158). 6 Мая 2013 г.