Чүй, Ош жана Нарын облустарындагы айрым жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоо 2017-жылдын 3-июлуна дайындалды |
КР БШКнын 2017-жылдын 14-июнундагы жыйынында айрым жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоо маселеси талкууланды. Ошентип, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөт жана Панфилов районунун Курамин айыл өкмөт, Кемин районунудагы Көк-Ойрок айыл өкмөт, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл өкмөт, Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөт, Араван районунун С.Юсупов айыл өкмөт башчыларын шайлоо 2017-жылдын 3-июлунда өткөрүү дайындалды. Маалымат: Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешинин жана Панфилов районунун Курамин айылдык кеңешинин, Кемин районунудагы Көк-Ойрок айылдык кеңешинин, Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңешинин, Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айылдык кеңешинин, Араван районунун С.Юсупов айылдык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү |
Карап чыгуулар: (1287). 16 Июня 2017 г. |