2011–жылдын 9–августуна карата КР Президентинин кызмат ордуна 43 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 34 – өзүн-өзү көрсөткөндөр |
2011-жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүү жөнүндө 1960-жылы туулган, КР улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары, КР УКМКнын Терроризимге каршы борборунун директору Марат Иманкуловдон жана 1952-жылы туулган, Камбар-Ата-2 ГЭСинин мастери Калмамат Мактымбаевден арыз түштү. 2011–жылдын 9–августуна карата КР Президентинин кызмат ордуна 43 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 9 – саясий партиялардан, 34 – өзүн-өзү көрсөткөндөр. Буга чейин өзүн-өзү көрсөткөндөр: Өмүрбүбү Бегалиева, 1962 –жылы туулган, “Нусуп аталык” коомдук фондусунун төрайымы, “Силани” ЖЧКнын директору, “Саруу” КУнун төрайымы, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, “Кыргыз эл биримдиги” КУнун мүчөсү, Төрөбай Колубаев, 1969-жылы туулган, убактылуу иштебейт, Алманбет Матубраимов, 1952–жылы туулган, техника илимдеринин кандидаты, “Чүйэлектро” ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси, Жаныш Рустенбеков, 1946-ж.т., Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси; Муканбайжан Айманбаев, 1956–ж.т., убактылуу иштебейт; Качкынбай Кадыркулов, 1955–ж.т., “Айылдык кеңеш кызматы” коомдук фондунун координатору; Сооронбай Дыйканов, 1969 – ж.т. “Кара –Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын директору; Оомат Казакбаев, 1959 –ж.т. убактылуу иштебейт; Нышанов Назарбек, 1961 – ж. Т., “Лига –Антикризис” коомдук бирикмесиинин президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы, Ырыскелди Ыбышев, 1952 ж.т., Бишкек шаарындагы КМУУ аяктаган, “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж. т., “KGinform. Com маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964 ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясый партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955 –ж.т., жумушсуз, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган; Акбаралы Айтикеев, 1958 –ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясый партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968 –ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы; Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР Коргоо министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясый партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн: Өмүрбек Текебаев, 1958–жылы туулган, (“Ата- Мекен” партиясы), Турсунбай Бакир уулу, 1958–жылы туулган, “Эркин Кыргызстан” партиясы, Замирбек Парманкулов, 1971 –ж. т. (“Кыргызстандын жумушчу партиясы” саясый партиясы), Бектур Асанов, 1967 ж.т. (“Эгемен Кыргызстан” саясый партиясы); Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы); Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт” партиясы); Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ” партиясы). Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда, талапкерлерди каттоо 2011 –жылдын 25 -сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011 –жылдын 29 –октябрында аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2308). 9 Августа 2011 г. |