Кыргыз Республикасында аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутуп үйрөтүүчү тренингдер өткөрүлдү |
2011 – жылдын 2 – сентябрынан 4 – сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана комиссиялардын резервинде турган адамдар үчүн шайлоо мыйзамдарына киргизилген жаңылыктар боюнча бир күндүк окутуп үйрөтүүчү тренингдер өткөрүлдү. Тренингдер шайлоо укугу жаатында адистешкен машыктыруучулар тарабынан өткөрүлдү. Эксперттер сыпатында Боршайкомдун мүчөлөрү жана атайын өкүлдөрү болушту.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2107). 5 Сентября 2011 г. |