МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо дайындалды

2013-жылдын 15-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-58-беренелерине ылайык, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ак-Булак шайлоо округу боюнча Кызыл-Туу айылдык кеңешине, Ош облусунун Араван районундагы Токтогул шайлоо округу боюнча С.Юсупов атындагы айылдык кеңешке, Кара-Суу районундагы Учар шайлоо округу боюнча Төлөйкөн айылдык кеңешине жана Мамажанов  шайлоо округу боюнча Жоош айылдык кеңешине, Кара-Кулжа районундагы Биймырзев шайлоо округу боюнча Кара-Кулжа айылдык кеңешине, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешине, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой шайлоо округу боюнча Кара-Ой айылдык кеңешине, Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш шайлоо округу боюнча Бөрү-Баш айылдык кеңешине, Жети-Өгүз районундагы Батыш жана Жалгыз-Өрүк  шайлоо округу боюнча Кызыл-Суу айылдык кеңешине, Чүй облусунун  Сокулук районундагы  №2,3,4 шайлоо округдары боюнча Новопавловка айылдык кеңешине жана №1,3 шайлоо округдары боюнча Орок айылдык кеңешине, Москва районундагы №1 шайлоо округу боюнча Александровка айылдык кеңешине, Жайыл районундагы №1 шайлоо округу боюнча  Красновосточный айылдык кеңешине, Аламүдүн районундагы №2 шайлоо округу боюнча Таш-Мойнок айылдык кеңешине  кайталап шайлоолор 2013-жылдын 26-майына, жекшембиге  дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык бөлсүн;

- шайлоого даярдык жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тийиштүү шайлоо комиссияларына шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин иреттештирүү, тактоо, түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтсүн. 

Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлдү. 

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Карап чыгуулар: (2301). 16 Апреля 2013 г.