Үч-Терек жана Бирлик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды |
Бүгүн, 17-февралда БШКнын отурумунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек жана Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды. Шайлоо 2016-жылдын 5-мартында саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт. Мындан сырткары, БШК мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитишти. |
Карап чыгуулар: (1411). 17 Февраля 2016 г. |