Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо 2013-жылдын 30-октябрына дайындалды |
Бүгүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отурумунда төмөнкү беш айылдык округда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоону 2013-жылдын 30-октябрына дайындоо жөнүндө токтом кабыл алынды: Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Улахол, Нарын облусундагы Жумгал районунун Түгөл-Сай, Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө жана Чүй облусундагы Биринчи май жана Чүй. Аталган алгачкы эки аймакта шайлоо кайталап өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2031). 16 Октября 2013 г. |