МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин фракцияларына, фракциянын коалицияларына жана Кыргыз Республикасынын премьер-министрине КАЙРЫЛУУСУ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 12-февралындагы №30 «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө» токтомуна ылайык Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2016-жылдын 27-февралына  саат 10-00гө дайындалды.

Бишкек АШКсы Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди каттоого документтерди кабыл алуу иштерин баштады. Мыйзамдарга ылайык, шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугуна Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракцияларынын коалициялары жана Кыргыз Республикасынын премьер-министри ээ.    

Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди эркин билүүсүн аныктоо максатында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан Тил боюнча комиссиясынын курамы бекитилди, анын отуруму 2016-жылдын 19-февралында, саат 15.00дө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  имаратында өткөрүлөт.

Каттоо үчүн, Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкерди сунуштаган субъект, 2016-жылдын 19-февралында, саат 18.00 чейин төмөнкү документтерди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына тапшыруусу зарыл:  

1) Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим;

2) талапкерлигин көрсөтүүгө макулдугун берүү жөнүндө арыз;

3) Талапкердин аты, фамилиясы, атасынын аты, туулган датасы, иштеген жери, ээлеген кызмат орду (ишинин түрү) жана жашаган жери көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтары;

4) Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарын тастыктаган тиешелүү документтер (Кыргыз Республикасынын жаранын ID-картасынын көчүрмөсү, жогорку билим жөнүндө дипломунун жана эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлүндүрүлгөн көчүрмөлөрү, КРдин Ички иштер министирлигинен соттолуулугу жок жөнүндө маалымкаты).  

 

Сурап билүү телефондору: Бишкек АШК                          (0312) 62 08 24   

                                 Бишкек АШКнын катчысы                 (0555) 98 4469  

Карап чыгуулар: (1535). 15 Февраля 2016 г.