Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын саясий партияларга КАЙРЫЛУУСУ |
Саясий партиялардын УШКлардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө документтерди кабыл алуу мөөнөтүн узартуу тууралу кайрылуусуна байланыштуу, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы саясий партиялардын УШКлардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдорун кабыл алуунун мөөнөтүн Бишкек АШКсында 2017-жылдын 5-июнунда, саат 18:00гө чейин узартканы тууралу жарыялайт. Бул тууралуу кененирээк “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” Жобосунан, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерди көрсөтүү үчүн керек болгон документтерди үлгүсү менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтынан тааныша аласыздар: http://www.shailoo.gov.kg. Телефон боюнча маалымдамалар: 62 08 24 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы |
Карап чыгуулар: (1274). 25 Мая 2017 г. |