Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук уюмдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына (жергиликтүү кеңештерге) КАЙРЫЛУУСУ |
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиялары (мындан ары-АШК) тарабынан түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын (мындан ары-УШК) ыйгарым укуктары 2011-жылы аяктаган. Азыркы учурда, көпчүлүк УШКнын резервдеринде УШКнын жаңы курамын түзүү үчүн саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнүн зарыл саны жок болууда. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары-БШК) УШКнын резервине саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө жарыялайт. УШК –жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылуучу шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалдык орган болуп саналат. УШКнын курамындагы иш жооптуу, адамдар менен аяр жана ак ниет менен иш алып барууну талап кылат, жарандардын добуштарын эсептөө жана башка кыймыл-аракеттер таза, ачык, мыйзамдарга ылайык болушу үчүн анын мүчөлөрүнүн милдеттерине шайлоонун мыйзамдуулугун, ачыктыгын камсыз кылуу маселеси кирет. Мыйзамдарга ылайык, УШКнын курамы АШК тарабынан экиден бири саясий партиялардын, экиден бири жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнөн, 2 жылдык мөөнөткө түзүлөт. УШКнын резерви саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнүн эсебинен, тийиштүү УШКнын мүчөлөрүнүн каралган санынан кем эмес санда 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт. УШКнын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун жана алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык денгээлин эске алуу зарыл. Көрсөткөн субъекттер шайлоо комиссиянын мүчөлүгүнө талапкердин жашаган жери эреже катары тийиштүү калктуу пунктун аймагында болушу керек экендигин эске алуулары зарыл. УШКнын резервине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколдо жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары коюлган чогулушка катышкандардын тиркелген тизмеси болууга тийиш. Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. АШКга саясий партиянын жетекчисинин (же чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет: - участкалык шайлоо комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси; - паспортунун көчүрмөсү. - иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси); - байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону. Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан УШКнын курамдарына жана резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2014-жылдын 30-апрелинин саат 18.00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат жана айылдык, шаардык кеңештери тарабынан тийиштүү АШКга берилет. Саясий партиялардан УШКнын курамдарына жана резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2014-жылдын 30-апрелинин саат 18.00го чейин тийиштүү АШКда кабыл алынат. УШКнын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү үчүн зарыл документтердин үлгүлөрү, “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө”, “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жоболор менен кененирээк БШКнын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышсаңыз болот.
Сурап-билүү телефону: 62 08 29
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
|
Карап чыгуулар: (1679). 2 Апреля 2014 г. |