МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, саясий партияларга, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарына КАЙРЫЛУУСУ

 Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

 Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө негизги звено болуп эсептеле турган  участкалык комиссиялардын курамына  саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү улантылууда. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 10 – августунда аяктайт.

 Участкалык комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынан (шайлоочулардын жыйналышы, коомдук уюмдар) протоколдор айылдык, поселкалык кеңештерге, ал эми талапкерлерге саясый партиялардан сунуштамалар болсо – аймактык шайлоо комиссияларына берилиши керек.

Протоколдорго (сунуштамага) төмөнкүлөр тиркелет:

- Участкалык комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө арызы;

-   талапкердин паспортунун көчүрмөлөрү;

-  иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтар;

- талапкердин байланышуу маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.

2011 – жылдын 30 – октябрында кыргызстандыктар өзүнүн тарыхый тандоосун жасайт. Бардык деңгээлдеги комиссиялардын мүчөлөрүнүн милдети – Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун мыйзамдуулугун, ачык–айкындыгын камсыз кылуу менен жарандардын добуштарын эсептөө жана башка иш – аракеттерди шайлоо мыйзамдарына ылайык адилет, ачык  жүргүзүү  болуп  эсептелет.

Участкалык комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2011-жылдын 10 - августунда саат 18-00гө чейин тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарында  кабыл  алынат  (айылдык, поселкалык, шаардык кеңештер).

Сурап-билүү телефону: 66-51-86, 62-08-29

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы  

Карап чыгуулар: (1933). 1 Августа 2011 г.