МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын шаарларынын мэрлерин шайлоо жыйынтыгы жөнүндө

Шаарлардын мэрлик кызматына бош орундар бар болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын 17 шаарында мэрлерди шайлоону 27-августка дайындаган. 

Аймактык шайлоо комиссиялардан түшкөн маалыматтарга ылайык, Сүлүктү шаарынын мэри болуп Бакибеков Шадыбек, Кызыл-Кия шаарынын - Халмурзаев Хабибула, Баткен шаарынын - Эрматов Сайдахмат, Каракол шаарынын - Калыгулов Рыскул, Талас шаарынын - Кушубеков Анарбек, Кара-Көл шаарынын - Еркеев Ильяз, Майлуу-Суу шаарынын - Бакалаев Рахатбек, Таш-Көмүр шаарынын - Кулдышев Мамидалы, Жалал-Абад шаарынын - Адылов Бакытбек, Исфана шаарынын - Салямов Хамза, Кара-Суу шаарынын - Рахимов Ахмаджан, Ноокат шаарынын - Тешебаев Махамадзахид, Көк-Жаңгак шаарынын - Сарибаев Казимжан шайланды.

Чолпон-Ата менен Кочкор-Ата шаарларынын мэрлик кызмат ордуна болгон талапкерлер керектүү сандагы добуштарды чогултуп албай калгандыгына байланыштуу, ал шаарлардын мэрлери шайланбай калды.

Балыкчы менен Токмок шаарларынын мэрлик кызмат ордуна болгон шайлоолор болбой калды деп эсептелинет.

Токмок шаарынын мэрлик кызмат ордуна талапкер Идрисов Садырбек мамлекеттик же муниципалдык кызматта керектүү эмгек стажысы жоктугунун негизинде каттодон четтетилди.

Балыкчы шаарында шаардык кеңештин 25 депутатынан 11и гана шайлоого катышты.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, эгер шаардык кеңештин депуттарынын баардык санынан үчтөн эки бөлүгү катышса, шаардын мэрлигине шайлоо өттү деп саналат. Тийиштүү кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добуштарын алган талапкер шайланды деп эсептелинет.

Шаардын мэри болуп иш-аракетке жөндөмдүү, жогорку билимдүү, мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштеген эмгек стажысы  бар, болбосо билим берүү же ден соолукту чындоо мамлекеттик мекемелерде 5 жылдан кем эмес эмгек стажыcы бар Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

Республиканын мыйзамдарына ылайык, шаарлардын мэрлерин жашыруун добуш берүү жолу менен белгиленген мөөнөткө тийиштүү шаардык кеңештин депутаттары шайлашат. Мэрдин кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укугуна шаардык кеңештин депутаттык фракциялары жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри ээ.

Добуш берүү тартиби шайлоо мыйзамдары жана тийиштүү шаардык кеңештин регламенти менен аныкталат.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

 

 

 

Карап чыгуулар: (2572). 27 Августа 2011 г.