МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Президентинин кезектеги шайлоосу тууралуу

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо күнүн белгилөө боюнча билдирүүлөрү интернет сайттарга жана массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, калк арасында ар кандай пикирлер жаралууда. Бул тууралуу эч кандай кайчы пикирлер болбосу үчүн Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы төмөндөгүлөрдү билдирет:

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнүн аныктоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешининин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын жетекчиликке алып иш жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесине ылайык «Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6 жылга шайланат»

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык «Президентти кезектеги шайлоо иштеп жаткан Президенттин ал шайланган мөөнөттөгү ыйгарым укуктары аяктоочу жылдын ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 ай калгандан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат».

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо  2011-жылы 30-октябрда болуп өткөн.  Кыргыз Республикасынын Президентинин алты жылдык шайлоо мөөнөтү 2017-жылы аяктайт. Жогоруда айтылган Конституциялык мыйзамдын нормаларына ылайык 2017-жылдын ноябрынын үчүнчү жекшембиси башкача айтканда 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо өткөрүлмөкчү.

БШКнын басма сөз кызматы 

 

Карап чыгуулар: (1564). 17 Апреля 2017 г.