Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумдун (жалпы элдик добуш берүүнүн) катышуучуларына кайрылуусу |
“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен референдум (жалпы элдик добуш берүү) Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2016-жылдын 11-декабрына жекшембиге дайындалган. Урматтуу Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучулары! Референдумдун катышуучуларынын тизмесинен өзүңөрдү текшериңиздер. Добуш берүү күнү референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) бар, ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн жарандар Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту бар болгондо добуш берүүгө укуктуу. Эгерде Сиз референдумдун катышуучуларынын тизмесинде кандай болбосун ката же так эместиктерди тапсаңыз 2016-жылдын 26-ноябрына чейин тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен (Форма №3) кайрылууга укуктуусуз. Референдумдун катышуучуларынын тизмеси менен таанышкан учурдан тартып 2016-жылдын 26-ноябрына чейин Сиз тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун тиркөө менен шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниетиңизди билдирүүгө укуктуусуз. (Форма №2) Референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизүү үчүн биометрикалык каттоодон 26.11. 2016-ж. чейин өтүү зарыл. БШК КР |
Карап чыгуулар: (1546). 15 Ноября 2016 г. |