МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Урматтуу жарандар, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялар, өзүн өзү көрсөтүү жолу менен президенттикке ат салышууну көздөгөндөр!

2017-жылдын 15-октябрында  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байланыштуу Кыргыз  Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы талапкерликке көрсөтүү жана каттоо маселелери,  шайлоо фонддорун жүргүзүү, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүу жана ошондой эле шайлоо талаш-тартыштарын чечүүгө байланышкан  маселелер  боюнча саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрү үчүн окутуу иш-чараларын баштайт.

Ушуга байланыштуу КР БШК Эл аралык шайлоо тутумунун фондусу (IFES), ошондой эле  укук аркылуу демократия Европалык комиссия (Венециан комиссиясы) менен биргеликте саясий партиялардын талапкерлеринин  экиден өкүлдөрүн окутуу семинарына чакырат. Төмөндө иш-чаралардын графиги көрсөтүлгөн: 

 

Окутуунун аталышы

Уюштуруучу

Өткөрүү датасы

Катышуучулар

1

Шайлоо боюнча саясий партиялардын,  талапкерлердин  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн семинар

 

КР БШКнын (IFES) окутуу борбору

 

21.06.2017

Шайлоо боюнча саясий партиялардын, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

 

2

Каржы маселеси боюнча саясий партиялардын, талапкерлердин  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн семинар

 

КР БШКнын  (КРГ, IFES) окутуу борбору

 

21.06.2017

Каржы маселелери боюнча саясий партиялардын, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

 

3

Саясий партиялардын, талапкерлердин  шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү боюнча  штабдарынын PR кызматы үчүн семинар

 

КР БШКнын шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежесин сактоого көзөмөл боюнча Жумушчу тобу Венециан комиссиясы

 

28.06.2017

Саясий партиялардын, талапкерлердин юристтер штабы, PR-кызматы

 

4

Шайлоо талаш-тартыштары боюнча саясий партиялардын, талапкерлердин өкүлдөрү үчүн семинар.

 

КР БШКнын даттануулар боюнча Жумушчу тобу

Укуктук камсыз кылуу борбору, Венециан комиссиясы

 

29.06.2017

Саясий партиялардын, талапкерлердин юристтер штабы

 

КР БШКнын окутуу иш-чараларына катышууну каалаган партиялардын өкүлдөрү  20-июнга чейин 0-312-62-62-87 телефонуна чалсаңыздар болот.

e-mail: abdybekova@shailoo.gov.kgbermet@shailoo.gov.kg

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

Карап чыгуулар: (1308). 16 Июня 2017 г.