Кыргыз Республикасынын массалык маалымдоо каражаттарына кайрылуу |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2012-жылдын 25-мартына Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык аймагынын айылдык кеңешинин, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык аймагынын айылдык кеңешинин жана Балыкчы шаардык кеңешинин, Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык аймагынын айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айылдык кеңешинин, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык аймагынын айылдык кеңешинин, Кемин районунун шаардык типтеги Кемин поселкасынын поселкалык кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалган. Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештердин таркатылгандыгына байланыштуу өтөт. Жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтү Балыкчы шаарында 2012-жылдын 3-мартынан, айылдык кеңештерде 10-марттан башталат. Кыргыз Республикасынын Президентинин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Жарлыгы “Эркин Тоо” газетасында расмий жарыяланган күндөн, м.а. 2012-жылдын 9-февралында күчүнө кирген. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын ММКлары шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн 10 календарлык күндөн кечиктирбестен обо убактысын, басылма аянттарын жана башка шарттарды төлөө өлчөмү тууралуу маалыматтарды жарыялап, акредитация жөнүндө маселени карап чыгуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылуулары керек.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2373). 10 Февраля 2012 г. |