МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

БШК административдик имаратынын чатырын конструкциялоо жана БШК административдик имаратына кошумча эшик куруу боюнча тендердин жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы БШКнын административдик имаратынын чатырын конструкциялоо  жана БШКнын административдик имаратына кошумча эшик куруу; БШКнын административдик  имаратынын айланасындагы аймакты көрктөндүрүү боюнча тендер өткөрдү.КР БШКнын мүчөлөрүнөн жана аппаратынын кызматкерлеринен түзүлгөн тендердик комиссияга 4 жоопкерчилиги чектелген  коом  (ЖЧК): «ПСК Строй ПГС», «КБ Калыс», «СтройВек плюс» жана «Инженеринг сервис»тендердик табыштамаларын сунуштады.

Тендердик комиссиянын натыйжалары боюнча БШКнын административдик имаратынын чатырын конструкциялоого тендердин жеңүүчүсү болуп маңызы боюнча тендердик документациянын талаптарына жооп берген жана эң аз чыгымды көрсөткөн  ЖЧК ПСК «Строй ПГС» таанылды.

БШКнын административдик имаратына кошумча эшик курууга, БШКнын административдик  имаратынын айланасындагы аймакты көрктөндүрүү БШКнын административдик  имаратынын айланасындагы аймакты көрктөндүрүүгө тендерди ошондой эле маңызы боюнча тендердик документациянын талаптарына жооп берген жана жогорудагы тейлөлөрдү көорсөтүүдө эң аз чыгымдар каралган  ЖЧК СПФ КБ «Калыс» утуп алды.

Тендер боюнча кабарлоо Кыргыз республикаснын Борбордук шайлоо комиссиясн атарбынан “Эркин Тоо” газетасында 2012-жылдын 22-июнунда жана «Вечерний Бишкек» газетасында 2012-жылдын 25-июнунда жарыяланган.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1851). 28 Августа 2012 г.