Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу иш-чаралары календардык планга ылайык жүрүүдө |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдары андан соң участкалары түзүлүп, алардын чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемалары ММКларда жарыяланды. Бардыгы жалпы таанышып чыгуу жана кошумча тактоо үчүн шайлоочулардын тизмеси шайлоо участкаларына берилди. Учурда, участкалак шайлоо комиссия мүчөлөрү үймө үй кыдыруу жолу менен шайлоочулардын тизмесин тактоо иштерин жүргүзүүдө. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервде турган адамдарды окутуу үчүн семинарлар февраль айынын ичинде өткөзүлөт. Ош, Каракол, Токмок шаардык кеңешине талапкерлерди көрсөтүү иши аяктады. Ош шаарынан 8 саясий партиядан («Замандаш», «Адилеттуу Кыргызстан», «Партия Коммунистов Кыргызстана», «Ата- Мекен», «Республика», «Улуттар Биримдиги», «СДПК», «НДПК») 696 талапкер катталса, Караколдон 6 саясий партия («Мекен ынтымагы», «Республика», «Замандаш-Современник», «СДПК», «Ата-Мекен», «Ак-Шумкар») жана 14 шайлоочулардын тобунан («Единство-Биримдик», «Новые лица», «Табылга жаштар Кенеши», «Патриот», «Келечек багыты», «Кыргызстан жаштар кенеши», «Келечек», «Биримдик», «Аракет», «Алга Каракол жаштары», «Калматай-Ата», «Мугалим», «Мы за будущее города Каракол», «Союз») 983 талапкер катталды. Токмок шаардык кенешине 6 саясий партиядан («Ата -Мекен», «Ар-Намыс», «Республика», «Замандаш», «Ак шумкар», «СДПК») жана 10 шайлоочулардын тобунан («Чындыкка багыт», «Жилкомсоюз», «Дом дружбы», «Союз предпринимателей», «Кубат», «Новое поколение», «Токмок», «Биримдик», «За наш город», «Ынтымак») 810 талапкер катталып шайлоого аттанышты. Ошондой эле, Ак-Талаа районуда төрт (Жерге – Тал, Көнөрчөк, Терек, Баетов,) Тогуз-Тородо эки (Атай, Көк-Ирим,) Жумгалда беш (Куйручук, Таш – Дөбө, Түгөл – Сай, Чаек, Кызыл – Жылдыз), Лейлекте эки (Маргун, Бешкент) жалпысынан 13 айылдык кеңештерде депутаттарын шайлоо өтөт. 2012-жылдын 3-февралына карата айылдык кеңештин депутаттыгына 565 талапкерлер көрсөтүлдү. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо шайлоо белгиленген күнгө 20 календардык күн калганда аяктайт. Шайлоо алдындагы үгүт шаардык кеңешке 2012-жылдын 3-февралында башталды жана добуш берүү башталган убакытка чейин 24 саат калганда токтотулат. Ал эми жергиликтүү кеңешке үгүт иши 13-февралда башталат.
БШКнын басма-сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1769). 7 Февраля 2012 г. |