Иш аракеттери жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатууга негиз болгон депутаттар кийинки шайлоодо талапкер болуп катталбайт |
Республикадагы айылдык кеңештердин айрым депутаттары жана саясий партиялардан жана депутаттардын фракцияларынан көрсөтүлгөн шаардык кеңештердин депутаттары жергиликтүү кеңешти таркатууга жетишүү же аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна белгилүү бир талапкерди шайлоого жол бербөө үчүн шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону атайын үзгүлтүккө учуратып жатат. Мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү шайлоо мыйзамдарында атайын ченемдер түрүндө көрсөтүлгөн эмес. Бирок Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо укуктарын жана шайлоонун тең шарттарын камсыз кылуу боюнча, ошондой эле шайлоо эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөөгө контролдук кылуу боюнча маселелер жүктөлгөндүгүнө байланыштуу жана депутаттардын жергиликтүү кеңештин таркатылышына жана мамлекеттин бюджетине каралбаган жүктү алып келген атайын аракеттери үчүн жоопкерчилик маселелерин жөнгө салуу ыйгарым укуктары бар. Белгиленген мыйзамдык ченемдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы иш аракеттери жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатууга негиз болгон депутаттар кийинки шайлоодо талапкер болуп катталбайт жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы негиздер бар болгон учурда ар бир жергиликтүү кеңеш жана шайлоо процессинин субъектиси боюнча ушул токтомго ылайык жана жергиликтүү кеңешти таркатууга багытталган атайын аракеттердин аныкталган фактысынын натыйжасы боюнча чечим кабыл алат деген токтом кабыл алды. Борбордук шайлоо комисиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1874). 3 Мая 2013 г. |