БУУнун Өнүктүрүү Программасы ар бир участкалык шайлоо комиссиясы үчүн факс аппараттарын берди |
Факс аппараттарын колдонуу менен ар бир участкалык комиссия добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө түзүлгөн Протоколду тез арада КР БШКга тикелей жибере алат. Бардык Протоколдор Маалыматтарды иштеп чыгуу борборуна келип түшөт. Факс аппараттарын колдонуу КР БШКга шайлоо аяктагандан кийин саналуу сааттарда анык маалыматтарга ээ болууга мүмкүндүк берет жана орто жолдо аларды бурмалоо мүмкүндүгүн жокко чыгарат. Ушул механизмдин милдет-максаты шайлоо процессинин айкындыгын камсыз кылууда жана Кыргызстан жарандарынын шайлоонун жыйынтыктарына карата ишенимин жогорулатууда турат. Берилген жабдууларды Протоколдорду көчүрмөлөө үчүн да пайдаланууга болот, бул болсо байкоочуларга Протоколдун нагыз көчүрмөсүнө ээ болууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, БУУ Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүнү колдоо боюнча Долбоорунун көмөгү менен КР БШК участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн атайын жилеттерди иштеп чыкты, мунун максаты шайлоочу аларды добуш берүү жайында ажыратып тааный алышы үчүн керек. Жилеттерге мамлекеттик желектин түспөлү жана БШКнын логотиби тартылган жана улуттук орнамент менен кештеленген. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында шайлоо процессин техникалык жана операциялык жактан колдоого алуунун алкагында БУУ Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүнү колдоо боюнча Долбоору шайлоочулардын манжаларын маркировкалоо үчүн көзгө көрүнбөс сыяны жана ультрафиолет лампаларын берди.
БУУ Өнүктүрүү Программасынын аталган долбоорунун алкагында шайлоо боюнча эл аралык эксперттер ишке тартылды, алар бир нече айдан бери БШК менен кызматташып жатышат жана БШКнын кеңеш берүүчү добуштуу мүчөсүнүн статусуна ээ.
БУУ Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүнү колдоо боюнча Долбоору Австриянын Өкмөтү жана БУУ Өнүктүрүү Программасы тарабынан финансыланат.
Алдыдагы шайлоо үчүн факс аппараттарын жана башка материалдарды (алардын жалпы суммасы жарым миллион АКШ долларынан ашуун) өткөрүп берүү жөрөлгөсү БШКда 2010-жылдын 1-октябрында өттү, ага БШК төрагасы А. А. Сариев жана БШК мүчөлөрү, БУУ Өнүктүрүү Программасынын, Евробирликтин, ЖМКнын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын катышуучулары:
БШК төрагасы – Сариев Акылбек Аблабекович
БШК мүчөлөрү
БУУ Өнүктүрүү Программасынын өкүлдөрү:
Эржан Мурат - БУУ Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы ишке ишенимдүү өкүлү
Александр Кашкарев - БУУ Өнүктүрүү Программасынын демократиялык башкаруу программалары боюча бөлүмүнүн жетекчиси
Эркин Касыбеков - БУУ Өнүктүрүү Программасынын “Демократиялык башкаруу” программасынын менеджери
Ден Малинович - БУУ Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүнү колдоо боюнча Долбоорунун жетекчиси
Медер Дастанбеков - БУУ Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүнү колдоо боюнча Долбоорунун координатору
Евробирликтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү:
Том Массис - Евробирликтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн кызматташтык боюнча бөлүмүнүн башчысы
|
Карап чыгуулар: (2284). 1 Октября 2010 г. |