МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

“Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” долбоору боюнча ЕС биринчи траншы Кыргызстанга августтун башталышында берилиши мүмкүн

БШКда  2016-жылдын 8-июлунда уюшулган “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” ЕС долбоору боюнча Көзөмөлдөө комитетинин биринчи жыйыны КР Президентинин Аппаратынын, Өкмөттүн, финансы министрлигинин, тышкы иштер министрлигинин, экономика министрлигинин, МКК өкүлдөрүнүн, Европа Биримдиги КРгы өкүлчүлүгүнүн, жарандык коомдордун катышуусу менен болуп өттү.

Көзөмөлдөө комитетинин милдети болуп шайлоо системасын реформалоонун индикаторуна жетиштиктин мониторинги эсептелет. Жыйында, мурда Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы Келишимдин алкагында билдирилген шайлоо реформасына жетиштик боюнча мындан аркы чаралардын планы каралды.

КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова планга комментарий берип жатып, сунушталган бардык чаралар Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясында белгиленген шайлоо реформасынын негизги жолун ишке ашырууга багытталгандыгын тактады. Реформанын алкагында бир катар чаралар ишке ашырылгандыгы белгиленди, бирок калктын шайлоо процессине ишенимине жетиштигин  жогорулатуу үчүн чоң иштер алдыда тургандыгы айтылды.

БШКнын ишинин маанилүү аспектиси болуп бардык коомчулукту жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча күч аракеттерин интенгарциялоо үчүн жарандык жана эксперттик жамааттын өз ара аракетин кеңейтүү болуп калмакчы.

Еврокомиссия өкүлчүлүгү К.Хоктун атынан жарандардын шайлоолорго ишенимин жогорулатуу жана шайлоо процессинин айкындуулугун жогорулатуу сыяктуу индикаторлордун натыйжалуулугуна жетиштикте прогресс болгондугун белгиледи. Бюджетти колдоого 5 млн. евро өлчөмүндө биринчи транш августа айынын башында берилээрин маалымдады.

Көзөмөлдөө комитетинин мүчөлөрү бул багытта өз ара аракеттер боюнча сунуштарды жана пикирлерди талкуулашты.

Көзөмөлдөө комитетинин жыйындары кварталда бирден кем эмес өтүп турат.

КР БШК Басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1695). 21 Июля 2016 г.