Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды |
2015-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында 2015-жылдын 4-октябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыгарылды. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн арыздардын негизинде төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинин чыгарылып салынды: “Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 1, “Ата Мекен” социалисттик-саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 2, “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 3, “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 15, ошондой эле “Өнүгүү-Прогрес” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 5. Андан ары БШК мүчөлөрү 2015-жылдын 4-октябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жыйынтыктоочу маалыматты карап чыгышты. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүү күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин 53 даттануу, арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен, 21 арыз, даттануу жана кайрылууга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан жооп берүүлөрдүн негиздемелеринин текстти бекитилген, 9 арыз, даттануу жана кайрылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына кароо үчүн жөнөтүлгөн, калган 23 арыз, даттануу жана кайрылууга ар бирине өз-өзүнчө добуш берүү жолу менен канааттандыруудан баш тартуу чечими кабыл алынган. Акырында, жыйындын соңунда КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 25-июлундагы №157 Жарлыгы менен 2015-жылдын 4-октябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын жарыялады. Өз сөзүндө ал “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргызстанда шайлоо процессинде биринчи жолу жаңы маалыматтык технологиялар пайдаланылгандыгын билдирди. Биометрикалык маалыматтары боюнча шайлоочулардын тизмесине 2 761 297 шайлоочу киргизилген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү мезгилинде автоматтык эсептөөчү урналар менен иштөө көндүмүнө ээ кылуу үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын 5 миң мүчөсү окууга тартылган. Мындан сырткары шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшүндө жаңы технологиялар сыноодон өткөрүлгөн, анын жыйынтыгы шайлоо учурунда өз натыйжасын берди. Ошондой эле, Т.Абдраимов Бишкек шаарынын Свердлов районунун №1367 жана Ош облусунун Кара-Суу районунун № 5228, 5234, 5236, 5254, 5459, ошондой эле Чүй облусунун Москва районунун № 7279 жана 7280 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгы укук бузуулардын негизинде жокко чыгарылгандыгын билдирди. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча 6 саясий партия 7%дык өткөөлдөн өттү жана алар Кыргыз Республикасынын парламентине сунуш кылынат: - “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы – 38 мандат; - «Республика-Ата Журт» саясий партиясы – 28 мандат; - «Кыргызстан» саясий партиясы – 18 мандат; - «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы – 13 мандат; - «Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана патриотизм» саясий партиясы – 12 мандат; - «Ата Мекен» саясий-социалисттик партиясы – 11 мандат. |
Карап чыгуулар: (2623). 15 Октября 2015 г. |