2013-жылдын 12-августунда Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо өткөрүлөт |
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоону 2013-жылдын 12-августуна дайындоожөнүндө токтом кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы токтому менен Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо 2013-жылдын 17-июнуна дайындалып, кворумдун жоктугунан шайлоо өткөн эмес. Ал эми Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcы өзүнүн жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Сузак жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды. Жыйында ошондой эле, Талас облусунун Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1915). 24 Июля 2013 г. |