Япония Өкмөтү, Европалык Союз жана ПРООН Кыргыз Республикасынын БШКсына компьютердик жабдууларды сатып алууга колдоо көрсөттү |
2011-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасындагы Япониянын элчиси Син Марио, Европалык Союздун делегациясынын Кызматташтык боюнча бөлүмүнүн башчысы Том Масси жана ПРООНдун туруктуу өкүлү Александр Аванесов расмий кырдаалда Кыргыз Республикасынын БШКсынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовго КР БШКнын аппараты жана аймактык шайлоо комиссиялары үчүн жалпы суммасы 195 405 АКШ доллары болгон 100 компьютер, 85 принтер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо участокторунда турган көп функционалдуу факс аппаратына 2400 картридж берди. Берилген жабдуулар Япония Өкмөтүнүн жана Европалык Союздун каражатына Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду колдоого ПРООНдун долбоору менен сатып алынып, алдыдагы шайлоо өнөктүгүндө шайлоочулардын тизмесин тактоого арналган. Жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык шайлоочулардын тизмесин даярдоо үчүн жоопкерчиликти аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары тартат. Жаңы жабдуулар аймактык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелериндеги жазууларды жаңыртууга жана аларды Бишкектеги маалыматтардын борбордук базасына жиберүүгө, ошондой эле шайлоочулардын такталган биротоло тизмелерин басып чыгарууга жана шайлоо участкаларына таркатууга мүмкүндүк берет. Чакан-функционалдык факстык жана көчүрүүчү аппараттар үчүн жаңы картридждер участкалык шайлоо комиссиялары (УИК) үчүн өткөн жылы сатып алынган. УИКтер жергиликтүү деңгээлде шайлоочулардын тизмелерин жаңыртуу максатында документтерди көчүрүүгө, ошондой эле факс боюнча жыйынтык протоколдорду КР БШКга жөнөтүүгө мүмкүндүк түзөт. Бул протоколдордун көчүрмөлөрү жалпы эле шайлоо процессиндеги ачык-айкындыкты камсыздайт. Жабдууларды сатып алууда ошондой эле Австрия, Германия өкмөттөрү, Бириккен Королчулук жана Сорос фонду финансылык жардам көрсөтүштү.
БШКнын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1819). 27 Сентября 2011 г. |