КР БШК төрагасы Т.Абдраимов Европалык Союздун делегациясы менен жолукту |
Бүгүн, 2011-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов Европалык Союздун Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Пьер Морель мырза жетектеген Союздун делегациясы менен жолукту. Морель мырза 1992 жылдан 1996 жылга чейин Россия Федерациясында Франциянын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, бир эле убакытта Монголияда, Таджикистанда, Туркменистанда, Молдовада, Грузияда жана Кыргызстанда ыйгарымдарды аткаргандыктан бул мамлекеттерде дайыма болуп ал жактагы окуялардан кабардар болуп турган. Европалык Союздун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык процесси менен кызыгыщты. КР БШК төрпагасы Т.Абдраимов жолугушуунун учурунда шайлоого даярдыктын жүрүшү менен айтып берди. Так айтканда, сөз аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялар тарабынан шайлоочулардын тизмесин иштетип чыгуу, материалдык-техникалык камсыздоо жүргүзүлүп жаткан иштер, иш процессинде чыгып жаткан проблемалар жөнүндө болду. Негизинен, масштабтуу иш адамдардын көп сандагы жашаган Бишкекке жакын жайгашкан 40тан ашуун жаңы конуштарында жүргүзүлүүдө. Шайлоо тизмелери у.ж. 27-октябрында такталып бүтөт жана акыркы маалыматтарга ылайык КР БШК бүгүнкү жыйналышында 130 миң кошумча шайлоо бюллетендерин даярдоо жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы тууралуу Т.Абдраимов белгилей кетти. Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн жарандардын добуш берүү процедурасы боюнча меймандардын кызыгуусун жараткан маселеге КР БШК төрагасы ал жарандар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелердин аймактарында добуш бере тургандыктары тууралуу ишендирди Пьер Морель мырза республиканын алыскы тоолуу аймактарда шайлоого даярдыктардын жүрүшү менен дагы кызыкты. Т.Абдраимов Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун АШК жана Ош облусунун Чоң Алай районунун АШК менен телефондук байланышты түзүүдө айрым кыйынчылыктар пайда болгондугун белгиледи. Бул маселе мобилдик уюлдук байланыштын графигинин ижарасынын эсебинен чечилди. Жолугушуунун жыйынтыгында, Европалык Союздун делегацитясынын жетекчиси Шанталь Эбберехт айым КР БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовго алдыдагы президенттик шайлоого даярдыктардын жүрүшү тууралуу берген малыматтар үчүн ыраазычылыгын билдирди. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2590). 24 Октября 2011 г. |