МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

БШКнын төрагасы Корея Республикасына иш сапар менен барып келди

Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) чакыруусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Д. Абдраимов 2015-жылдын 3-7-январында Корея Республикасынын борбор шаары Сеулга иш сапар менен барып келди. 

Сапарынын учурунда, Туйгунаалы Абдраимов Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Дуйшөнкул Чотонов менен бирге KOICA агенттигин Президенти Ким Янг Мок мырза менен жолугушуп, КР шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча биргелешкен долбоордун алкагындагы кызматташтык маселелери тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. БШКнын төрагасы Бишкек жана Ош шаарларын, автоматтык өз алдынча эсептөөчү урналар менен гана эмес, шайлоочуларды индентификациялоо үчүн ридер, ноутбук, монитор жана видеокамералар менен кошумча жабдуу зарылчылыгы бар экендигин билдирди. Бул иштин жыйынтыгында, KOICAнын колдоосу менен Кыргызстандын эки шаары инновациялык технологияларды колдонуу менен шайлоо процессинин моделин ишке ашыруунун жүрүшүндө көрсөтмө катары болууга мүмкүн. KOICAнын президенти КР БШКнын төрагасынын ушул өтүнүчүн эске алып, карап чыгуусун билдирди.

Ошондой эле Т. Абдраимов, KOICA менен долбоорду координациялоо үчүн A-WEB менен БШКнын ортосундагы кызматташтык  жөнүндө Меморандумга кол коюу демилгесин көтөргөн Шайлоо органдардын дүйнөлүк ассоциациясынын  (A-WEB) Башкы катчысы Ким Ёнг Хи  мырза менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын аймагында Шайлоо органдардын дүйнөлүк ассоциациясынын  (A-WEB) орус тилдүү мамлекеттер үчүн регионалдык окутуу борборун түзүү боюнча бирдиктүү долбоорду иштеп чыгуу жөнүндөгү маселе каралды. A-WEBдин Башкы катчысы, КР БШКга инновациялык технологияларды киргизүү процессин ишке ашыруу жана ишке киргизиле турган жабдууларды туура колдонууга КР БШКнын адистерин окутуу маселелеринде жардам бере тургандыгын билдирди.

2015-жылдын 19-январында жумушчу топтун Кыргызстанга келе тургандыгы күтүлүп жатат. Анын курамына KOICAнын, A-WEBдин, KOICA менен биргелешкен долбоорду ишке ашыруу боюнча тендерди жеңген эки кореялык компаниянын өкүлдөрү кирет. Кореялык адистердин ишинин жүрүшүндө, алар автоматтуу түрдө эсептөөчү урналарды көрсөтүп, аларга тест жүргүзүп, аталган жабдуунун техникалык спецификацияларын майда-чүйдөсүнө чейин иштеп чыгышат.

БШК басма-сөз кызматы 

Карап чыгуулар: (1968). 13 Января 2015 г.