МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

БШКнын төрагасы Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн координатору менен жолугушту

2015-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов Россия, Борбордук Азия жана Чыгыш өнөктөштүгү менен кызматташуу боюнча Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн координатору Гернот Эрлер мырза, ошондой эле Германия Федеративдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Петер Рудольф Шольц мырза  менен жолугушту.

Жолугушуунун негизги темаларына төмөнкүдөй маселелер коюлду: Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан жарандардын саны, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, ошондой эле партия ичиндеги талапкерлердин тизмесине байланышкан чыр-чатактар.

«Биз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо ачык жана таза өткөн фактысына чын дилибизден кубандык. Кыргызстан үчүн таза жана ачык шайлоого умтулуу салт болуп калды», – деп айтты Гернот Эрлер мырза.

Карап чыгуулар: (1464). 21 Октября 2015 г.