МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Пресс - релиз

Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызматына талапкер Ө.И.Суваналиевдин шайлоо штабы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү боюнча мыйзам талаптарын бузуунун жол берилгистиги жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызматына талапкер Ө.И.Суваналиевге жиберген жазуу жүзүндөгү эскертүүсүнө карата 19-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна даттануу менен кайрылган.

2011жылдын 22-сентябрында сот Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызматына талапкер Ө.И.Суваналиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.М.Турдалиевдин доо арызын канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алган жана Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызматына талапкер Ө.И.Суваналиев Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузбагандыгы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий шартында расмий төгүндөө берүүгө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясын милдеттендирүү менен жогоруда көрсөтүлгөн эскертүүнү жараксыз деп тапкан.

Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузбагандыгы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөлдөө даттануусун жиберген.

2011-жылдын 30-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын көзөмөлдөө даттануусун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен соттук чечимге ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү боюнча мыйзам талаптарын бузуунун жол берилгистиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Ө.И.Суваналиевге даректелген Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 17-сентябрындагы № 03-1/12-ВП-419 эскертүүсү жоюлганы жөнүндө билдирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Ө.И.Суваналиев Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузган эмес.

 

 БШКнын Басма сөз кызматы

 

 

 

Карап чыгуулар: (2643). 1 Октября 2011 г.