Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы К.Турганкуловдун интервьюсу |
Бүгүн, 2011-жылдын 31-октябрында Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Куандык Турганкулов 2011-жылдын 30-октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын шайлоосуна байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу интервью берди. Жалпысынан, Казакстан Республикасынын БШК төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентин өткөн шайлоого негизинен оң баа берди. Турганкулов мырза коңшулаш республикадан эл аралык байкоочулар катары 76 өкүлдүн ичинен 5сү Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү экендигин белгиледи. Казакстан Республикасынын БШК төрагасы өз интервьюсунда эч бир эл аралык байкоочунун Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпегендигин баса белгиледи. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефререндум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мыйзам чегинде иштеди жана шайлоо бул өлкөнүн шайлоо мыйзамдарына ылайык өттү” – айтты ал. Казакстантын байкоочулары өткөн шайлоонун эң орчундуу жетишпегендиктин бири катары шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн өркүндөтүлбөгөндүгүн белгилешти. Тактоо үчүн алар муну техникалык пландагы жетишпегендик менен түшүндүрүштү.. Бүткүл Республика боюнча 24 участкалык шайлоо комиссияларында Казакстандан эл аралык байкоочулар байкоо жүргүзүштү. Турганкулов мырза шайлоого шайлоочулардын 60% катышуусун жетишөээрлик деп айтууга боло тургандыгын белгиледи. Анын сүйлөгөн сөзүнүн жыйынтыгы 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Рреспубликасынын Президентин шайлоону тааныгандыгын билдирүүсү болду.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (2590). 31 Октября 2011 г. |