«Шайлоо процессиндеги инновациялык технологиялар – 2013» Эл аралык көргөзмө-жарманке |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Шайлоо процессиндеги инновациялык технологиялар – 2013» Эл аралык көргөзмө-жарманкени уюштурууда, эки күнгө эсептелинген көргөзмө-жарманке 2013-жылдын 30-31-октябрында Мамлекеттик тарыхый музейинин көргөзмө залында өткөрүлөт. Көргөзмөдө шайлоочуларды идентификациялоо жана каттоо, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө процесстерин камсыз кылуучу жогорку технологиядагы жабдуулар, системалар жана программалар көрсөтүлөт. Эл аралык көргөзмө-жарманкеге катышууга жогоруда аталган жогорку технологиядагы жабдууларды, программаларды жана системаларды сунуштаган компаниялар жана бардык кызыкдар адамдар (жарандык сектордун, саясий партиялардын, мамлекеттик органдардын ж.б. өкүлдөрү) чакырылган. Көргөзмөгө жакын жана алыс жайгашкан өлкөлөрдүн Борбордук шайлоо органдарынын өкүлдөрү катышат. Көргөзмөгө катышкан компаниялардын сунуштарын иликтөө үчүн Жумушчу топ түзүлөт, анын курамына КР Президентинин, Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараттарынын,жарандык сектордун,ЖМК, саясий партиялардын өкүлдөрү кирет. Көргөзмө бардык жарандар үчүн ачык, каалоочулар келип сунушталып жаткан материалдар жана жабдуулар менен таанышса болот. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2299). 31 Октября 2013 г. |