Шайлоо мыйзамындагы кемтикти калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алынды. |
2011-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында шайлоо мыйзамындагы кемтикти калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун себебинен улам түзүлгөн бош мандаттын ордун ээлөөдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодексинин ченемдерин колдонорлугу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы № 130-V токтому менен аныкталган. Бирок көрсөтүлгөн кодекс эгерде саясий партиянын тизмеси боюнча шайлангандан кийинки депутаттыкка талапкер бошогон мандаттан баш тартса же такыр эле аны кабыл алууну четке какса, б.а. ага күбөлүктү жана төш белгини тапшырууга жана депутаттык ант берүүгө келбеген учурда, тизме боюнча кийинки кезектеги тартипте бош депутаттык мандатты берүү тартибин жөнгө салбайт. Мындан тышкары талапкер өз ыктыяры менен депутаттык мандаттан баш тарткандыгы жөнүндө арызын берет, андан соң аны кайра чакыртып алган учурлар практикада кездешет, мындай кырдаал ошондой эле укуктук регламентке ээ эмес. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, бош депутаттык мандаттарды ээлөө жөнүндө маселени чечүүдө талаш-тартыш кырдаалдарга жол бербөө жана келечекте түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 33-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 10-беренесинин 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентин жетекчиликке алып, саясий партиянын тизмеси боюнча шайлангандан кийинки депутаттыкка талапкердин бош мандатты алууда өз ыктыяры менен баш тарткан же аны КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына каттаган учурга чейин аны алууну четке кагуусуна тийиштүү шайлоо мыйзамындагы кемтикти калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылууну чечти.
КР БШКнын 2011-жылдын 7-февралындагы бул Чечими КР Жогорку Кеңешине жөнөтүлдү.
|
Карап чыгуулар: (2138). 8 Февраля 2011 г. |