Участкалык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алуу улантылууда |
Бүгүн, 2012-жылдын 26-ноябрында сааат 13:00дө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын участкалык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алуу улантылды. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдун биринчи экземпляры ага кол коюлгандан кийин шайлоо документтери, буга шайлоочулардын тизмесин, арыздар (даттануулар) алар боюнча кабыл алынган чечимдерди, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актыларды кошуп, жогору турган шайлоо комиссиясына жеткирилет, ал тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат. Бишкек шаарынын ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн натыйжалары Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөндүгүнө карата токтоосуз Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылган добуш берүүнүн жыйынтыктарынын маалыматтары эч кандай юридикалык күчкө ээ болбогон алдын ала маалымат экендигин эскертебиз.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2175). 26 Ноября 2012 г. |