Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу президенттикке талапкерлерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузбоого чакырат |
Кыргыз Республикасынын кээ бир гезиттер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерликке көрсөтүү ниети жөнүндө арыз берген айрым талапкерлеринин үгүт матераилдарын жарыялап жаткандыгына байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга ылайык шайлоо алдындагы үгүт иштери 2011-жылдын 25-сентябрында башталарын дагы бир жолу эскертебиз. Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат: 1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр; 2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоону билдирүү; 3) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу; 4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу. Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топ бүгүнкү күндө шайлоо мыйзамдарды бузган айрым талапкерлердин жана үгүт кампаниясын мөөнөтүнөн мурда баштаган басылмалардын өкүлдөрү менен түшүндүрүү маек жүргүздү. Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамдарга ылайык шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү боюнча бекитилген тартипти сактоону көзөмөлдөрүн эскертебиз. Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) же талапкер тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузуу болгон учурларда ЖМКнын аккредитациясын чакыртып алууга жана талапкердин каттоосун жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (1807). 19 Августа 2011 г. |