КР Боршайкомунун коомдук кабылдамасы ишке киришти |
2011-жылдын 18-июлунан тарта Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын Коомдук кабылдамасы иштей баштады. Борбордук шайлоо комитетинин Коомдук кабылдамасы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү учуруна карата түзүлгөн. Коомдук кабылдаманын максаты - Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укугун камсыз кылуу, жарандардын БШКнын иши менен байланышкан кайрылуулары, арыз жана дооматтары менен натыйжалуу жана оперативдүү иш алып барууну уюштуруу болуп эсептелет. Коомдук кабылдаманын алдына Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укугун камсыз кылуу, жарандардын кайрылуулары, арыз жана дооматтары менен натыйжалуу жана оперативдүү иш алып барууну уюштуруу, шайлоочуларга, талапкерлерге, алардын ишенимдүү өкүлдөрүнө жана байкоочуларга, саясый партиялардын өкүлдөрүнө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, шайлоо процессинин катышуучуларына юридикалык, кеңеш – усулдук жардам көрсөтүү милдети коюлган. Коомдук кабылдама КР БШКнын имаратында жайгашкан (Бишкек ш. Раззаков көч. 59, каб. № 102, тел. 0312-62-01-50)
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (2709). 20 Июля 2011 г. |