МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Бүгүн 26-июлда Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлөт

Бүгүн 26-июлда Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул жылдын 11-июнундагы токтому менен Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районуна караштуу Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 28-июнуна дайындалган. Бирок айылдык кеңештин депутатттарынын толук курамда катышпай, кворум болбогондуктан шайлоо өткөн эмес.

Айыл аймагынын аткаруу бийлигинин жетекчилик кызматына жергиликтүү кеңештин депутатттары тарабынан Мукаш Абдылдаевдин, Нурзат Дубаевдин, Тыныштыкбек Исмаиловдун жана Кайрат Кулчаевдин  талапкерлиги көрсөтүлгөн

Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары жана райондук мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан көрсөтүлүүчү талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу айыл кеңешинин депутатттары тарабынан шайланат. 

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  

Карап чыгуулар: (1904). 26 Июля 2013 г.