МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Бүгүн Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо өткөрүлөт.

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы токтому менен  Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо 2013-жылдын 17-июлуна дайындалып, кворумдун жоктугунан шайлоо өткөн эмес.

Бүгүнкү күнгө карата  Көк- Жаңгак шаарынын мэрлигине Кыргызстан социал-демократтар партиясы Алмамат Саражиевдин, «Өнүгүү-прогресс» фракциясы Жалалидин Юсуповдун талапкерлигин көрсөткөн. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясына  шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.

        Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

 

Карап чыгуулар: (2184). 12 Августа 2013 г.