Бүгүн 26-июлда Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо өткөрүлөт |
Бүгүн Нарын областынын Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо өткөрүлөт. Аталган айылдын өкмөт башчыcы башка ишке которулгандыктан, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин буйругу менен кызматынан бошотулган. Айыл аймагынын аткаруу бийлигинин жетекчилик кызматына жергиликтүү кеңештин депутатттары тарабынан Осипа Байкованын, Дайыргазы уулу Нурландын жана Уланбек Бердигуловдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары жана райондук мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан көрсөтүлүүчү талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу айыл кеңешинин депутатттары тарабынан шайланат. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1941). 26 Июля 2013 г. |