Бүгүн Ноокат, Көк- Жаңгак, Майлуу- Суу шаарларынын мэрлерин шайлоо өткөрүлөт |
Бүгүн17-июлда Ноокат, Көк- Жаңгак, Майлуу- Суу шаарларынын мэрлерин шайлоо өткөрүлөт. Бул шаарлардын жергиликтүү кеңештери быйылкы жылдын февраль, март айларына белгиленген шаар жетекчисин шайлоону үзгүттүккө учураткандыгына байланыштуу мамлекет башчысынын 2013- жылдын апрель айындагы Жарлыгы менен таркатылып, 26-майда аталган шаардык кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өткөрүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата Ноокат шаарынын мэрлигине «Ата-Мекен» фракциясынан Абдилвохоп Кодиралиевдин, «Биримдик» коалициясынан Өмүрбек Тургунбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн. Майлуу-Суу шаарынын мэри кызматына «Ата-Мекен», «Ата-Журт», КСДП, «Замандаш-современник» фракцияларынан төрт адам расмий каттодон өткөн. Алар Алмазбек Курманкулов, Кыянбек Сатыбалдиев, Абдиллажан Оморов жана Максат Оконбаев. Ал эми Көк- Жаңгак шаарынын мэрлигине Кыргызстан социал-демократтар партиясы Алмамат Саражиевдин, «Өнүгүү-прогресс» фракциясы Жалалидин Юсуповдун талапкерлигин көрсөткөн. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2283). 17 Июля 2013 г. |