МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

“Кыргыз Республикасындагы шайлоо реформасы: жетишкендиктер жана мындан ары өнүгүү” деген темада “тегерек стол” өтөт

Урматтуу ЖМК өкүлдөрү!

10-декабрда саат 14.00дө «Орион» отелинде “Кыргыз Республикасындагы шайлоо реформасы: жетишкендиктер жана мындан ары өнүгүү” деген темада “тегерек стол” өтөт. Иш-чаранын программасынаылайык КР БШКнын төрагасыН.Шайлдабекова жана Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК)төрагасы Т. Сарпашев сөз сүйлөшөт.

“Тегерек столдун” жүрүшүндө Борборшайком 2015-жылы парламенттик шайлоодо пайдаланылган жаңы шайлоо моделинин бет ачарын өткөрөт. МКК шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар боюнча иденттештирүү темасында презентация жүргүзөт. Дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 200гө жакын эл аралык байкоочу катышары күтүлүүдө.

Алардын ичинде ШКУ, КМШ өлкөлөрүнөн байкоочулардын миссиялары, бир нече мамлекеттин Борбордук шайлоо комиссияларынын төрагалары, элчиликтердин, түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеяларынын жана Ислам кызматташтык уюмунун өкүлдөрү бар.

Чет өлкөлүк журналисттерди аккредиттөө жана бейджиктерди тапшыруу саат 12.00дөн 13.00гө чейин жүргүзүлөт. «Орион» отелинин дареги: Эркиндик бульвары, 21 (Чокморов кочосу менен кесилишет). 

 

КР БШК басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1282). 10 Декабря 2016 г.