Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн мамлекеттик ММКларда акысыз эфирдик убакыт бөлүштүрүү боюнча чүчү-кулак болду |
Бүгүн, 2011-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди шайлоо алдында үгүт жүргүзүү боюнча мамлекеттик ММКларда акысыз эфирдик убакыт бөлүштүрүү боюнча чүчү-кулак болду. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге мамлекеттик телерадиоуюмдарынын каналдарында жана басма сөз басылмаларында акысыз эфирдик убакыт берилет. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге акысыз эфирдик убакыт ОТРК, ЭлТР мамлекеттик телеканалдарында жана Биринчи радиодо, ошондой эле “Кыргыз Туусу” жана “Слово Кыргызстана” газеталарынын беттеринде акысыз негизде гезит аянтчасы бериле тургандыгын тактап кетели. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин чүчү-кулакка катышкан тизмесин төмөндө келтиребиз:
Пресс-служба Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики |
Карап чыгуулар: (1971). 6 Октября 2011 г. |